Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк 60 млн долларлык интервенция жасады

Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 163 | 0

Бүгүн, 10-мартта Улуттук банк кыргыз сомунун курсун туруктуу кармоо үчүн валюта базарына 59,30 млн доллар чыгарып, анын ичинен 39,85 млн доллар накталай сатылган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын башынан 10-мартка чейин доллардын сомго карата расмий курсу 21,61%га өсүп, 1 АКШ доллары үчүн 84,80 сомдон 103,12 сомго чейин жогорулады.

Жыл башынан бери Улуттук банк 284,30 млн доллары өлчөмүндө беш интервенция жасаган.

Кыргызстанда доллардын курсу кескин түрдө көтөрүлүшүнө Украина-Орусиядагы жагдай себеп болду. Орусиянын армиясы Украинага кол салганына бүгүн 15 күн болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM