Биз менен байланышыңыз

Президент өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдү биримдикке чакырды

Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 249 | 0

Жогорку Кеңештин жыйында президент Садыр Жапаров доллардын кунунун көтөрүлүшүн, күйүүчү майга карата баанын жогорулашын, азык-түлүктүн баалары да барган сайын өсүп жатканын айтып, мындай учурда биринчи кезекте ынтымак керектигин белгиледи.

Анын айтымында, сырткы таасирлерди жумшартуу максатында бийлик бутактарынын жасаган иши менен айткан сөзү айкалышып, бир багытты көздөп, бир муштумга бириккендей иш алып баруу зарыл болуп турган чак.

«Мен өткөндө Министрлер кабинети тарабынан жогоруда тизмектелген каатчылыкка каршы иш-чаралар планы иштелип чыкканын айттым эле. Албетте, биздин биринчи приоритетибиз экономикалык деңгээлибизди мүмкүн болушунча сактап калуу болууда. Сиздерде да жакшы ой-пикир, жакшы сунуштар бар экенине ишенем. Болгону бири-бирибизди сындап, «кылдан кыйкым издебей»,  ишибизди илгерилетүүнүн үстүндө гана болсок деген тилек. Башкага убакыт жок. Дүйнөлүк экономикалык агым, баалардын өсүү темпи биздин сындашып, акыйлашып олтурганыбызга карабайт. Амбицияларыбызды жыйыштырып, оппозиция-позиция дебей, жалпы журтубуз менен бул сыноодон татыктуу өтүү үчүн колдон келгендин баарын ыкчам түрдө ишке ашыруу мезгил талабы болуп турат» , — деди президент.

Президент ошондой эле кыйынчылыкка карабастан, 1-апрелден тартып бардык социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акыларын 50 %дан 100 %га чейин көтөрөлө тургандыгын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM