Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Мадумаровдун жоопкерчиликке тартылышын колдогон жок (видео)

Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 999 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңеште «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун кол тийбестигин алуу боюнча Башкы прокурордун сунушун караган комиссиянын кортундусу жабык эшик артында талкууланды.

Депутаттар Башкы прокурордун сунушуна макулдук берүүдөн баш тартып, жыйынга катышкан 69 депутаттын 68и Мадумаровдун жоопкерчиликке тартылышын колдогон жок.

Буга чейин депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууну Башкы прокурор Курманкул Зулушев сунуштаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2009-жылы Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кыргыз тарап Тажикстандан 5 гектар, узундугу 275 метр жер тилкесин 49 жылга ижарага алган протоколго кол койгон. Кыргызстан бул аймак тактала электигин билдирип келет.

Ишти иликтеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Ага депутаттар Айбек Осмонов, Исхак Масалиев, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Динара Ашимова, Аманкан Кенжебаев, Азамат Исраилов кирген.

Жалпысынан комиссиянын 5 отуруму болуп, анда Башкы прокуратурадан бир катар документтер талап кылынган.

3-мартта депутаттар Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын жабык эшик артында угушту. Башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаровго козголгон «мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренеси «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесине өзгөргөнүн маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM