Ат-Башы районунда катуу шамалдын кесепетинен 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Жабыркаган беш адамдын үчөө ооруканага жаткырылган. Алардын ичинде 2 бала бар. Нарын облусунун башчысынын орун басары Шабдан Абдырайым уулу жабыркап, Ат-Башы райондук ооруканасына жаткырылган жарандардан кабар алып, аларга материалдык колдоо көрсөттү.
Белгилей кетсек, 10-майда Ат-Башы районунда 6 саатка созулган ылдамдыгы секундасына 24-27 метрге жеткен катуу шамал катталган.
Анын кесепетинен 5 адам жабыркап, 36 турак үйгө жана 6 социалдык объектиге зыян келтирилген.
Жеринде жарандык коргонуу кызматынын кезексиз отуруму өткөрүлүп, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу тапшырмалары берилген.