Биз менен байланышыңыз

Украинада алты багыт боюнча гуманитардык коридорлор ачылды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 221 | 0

Украинанын вице-премьер-министри алты багыт боюнча гуманитардык коридорлор ачылганын кабарлады.

«Жарандарды эвакуациялоо бүгүн, 9-мартта алты гуманитардык коридор боюнча жүргүзүлөт. Аскер күчтөрү ок атышууну ушул күнү 9:00дөн 21:00гө чейин токтотууга макул», — деди вице-премьер-министр Ирина Верещук бүгүнкү брифингде.

Анын айтымында, эвакуациялоо үчүн ок атышпоо режими Энергодар – Запорожье, Сумы – Полтава, Мариуполь – Запорожье, Вольноваха – Покровск, Изюм – Лозовая багыттары боюнча киргизилүүдө.

Ошондой эле Киев багыты боюнча Ворцель, Буча, Бородянка, Ирпен, Гостомель посёлокторунда жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM