Биз менен байланышыңыз

Салык отчётун тапшырбагандардын иши сотко жөнөтүлдү

Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 379 | 0

Салык отчётун тапшырбагандардын иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын декабрында жана 2022-жылдын январь-февралында салык отчётторун бербеген ишкерлерди мажбурлап бердирүү үчүн сотко 1 миң 471 доо арыз жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 783ү юридикалык жак жана 688 жеке ишкер экени белгилүү болгон. Сот 284 ишти карап чыккан. 

Учурда сотко өткөрүп берүү үчүн дагы 5 миң 576 салык төлөөчүгө карата материалдар даярдалып жатат. 

Мындан тышкары Салык кызматы патенттин негизинде иш жүргүзгөн жана 3 жылдан ашык патент албаган 9 миң 381 жеке жактын каттоосун жокко чыгарды.

Мамлекеттик салык кызматы отчёт бербеген же патент албагандардын санын кыскартуу иштери уланарын маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM