Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Мирлан Ураимовдун соту болот (сүрөт)

Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 299 | 0

Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаардык сотунда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын активдүү мүчөсү Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасы каралат. Сот отуруму саат 10:40ка белгиленген, бирок баштала элек.

Бишкек шаардык сотунун алдында Мирлан Ураимовдун тарапташтары чогулуп, анын бошотулушун талап кылышууда. Алардын арасында Лейлек, Кадамжай, Ноокен, Өзгөн, Аксы, Ала-Бука райондорунан келгендер да бар.

10-февралда Биринчи Май райондук соту Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасын карап, сот аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык) менен  8-февралда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, 48 саатка камалган болчу.

Ал «социалдык тармактарда чагымчыл материал тараткан» деген шек менен айыпталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM