Биз менен байланышыңыз

Баалардын өсүшү менен пенсия көтөрүлөбү? Расмий жооп

Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 1972 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында «Социалдык фонддун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётун бекитүү тууралуу», «Социалдык фонддун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралууда.

Жыйында депутат Дастан Жумабеков доллардын өсүшү менен азык-түлүктүн баалары жогорулап жатканын, алдыда баалардын мындан да жогорулашы мүмкүн экенин белгилеп, алган пенсия менен жашоо кыйын болорун эскертти. Ошондой эле ал Социалдык фонддун кырдаалга карата кризистик пландарына кызыкты.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев быйылкы жылга 700 млн сом бөлүнгөнүн, кырдаалга карата өкмөттөн кошумча акча берүү маселеси каралып жатканын маалымдады.

«Бюджеттен кошумча каражат бөлүп беребиз деген маселелер каралып жатат. Биз сунуштарыбызды бердик, жылдагыдай эле 1-октябрдан бул маселе каралат. 50%га чейин пенсияны көтөрөлү деп жатабыз». 

Бүгүнкү күндө эң төмөнкү пенсия — 2500 сом. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2021-жылдын II чейрегинде орточо жашоо адам башына 6 миң 332 сомду түзгөн.

Бактияр Алиев кошумчалагандай, учурда пенсиянын эң аз өлчөмүн жашоо минимумуна жеткирүү аракеттери жүрүүдө. Кыргызстанда учурда жалпы 713 миң пенсионер бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM