Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстандын 25 жараны Молдовадан Түркияга көчүрүлөт

Кыска кабар | 7 Мар 2022 | 134 | 0

Бүгүн, 7-мартта Кыргызстандын 25 жараны Молдовадан Түркияга көчүрүлөт. Ал жерден баары Мекенине баруу үчүн жолдо жүрүү документтерин алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Украинадагы, Венгриядагы, Германиядагы, Түркиядагы, Беларустагы элчиликтери, Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жана Польшада, Румынияда жана Венгриядагы Кыргызстандын Ардактуу консулдуктары тарабынан Украинадан мекендештерибизди үчүнчү мамлекеттер аркылуу өлкөгө алып келүү, коопсуздугун камсыздоо, убактылуу турак-жай жана тамак-аш менен камсыз кылуу, ошондой эле муктаж болгон жарандарды тийиштүү документтер менен камсыздоо иштери улантылууда.

Бүгүнкү күндө Украинанын аймагында жүргөн жарандардын өздөрүнөн жана алардын жакындарынан түшкөн чалууларга ылайык, Кыргызстандын жарандары дагы деле Украинанын шаарларында калышууда жана алардын дээрлик ар бири менен элчилик туруктуу байланышта болууда.

5-мартта Кыргызстандын 35 жараны (булардын ичинен 13 жаш балдар, 22 чоң адам) Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин кызматкерлеринин коштоосу менен Львов шаарынан Польшага эвакуацияланган.

6-мартта Түркия менен бекилген келишимге ылайык, Молдова-Румыния-Болгария багыты боюнча Украинадан келген 45 адам Түркиянын чек арасынан өткөн.

Кыргызстандын Украинадагы Элчилиги:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348, ошондой эле Элчиликтин WhatsApp тобу;

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти

+996 551 312 000 — ыкчам байланыш номери;

+996 703 428 865, +996 709 983 465, +996 554 065 215.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM