Биз менен байланышыңыз

Динара Кемелова тышкы иштер министринин орун басары болду

Кыска кабар | 7 Мар 2022 | 145 | 0

Динара Кемелова тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Айбек Айдарбеков Кемелованы жалпы ТИМдин жамаатына тааныштырды.

Кемелова буга чейин Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси кызматын аркалаган. Ал Кореядагы элчилик кызматта 2019-жылдын январь айынан баштап, ушул жылдын 16-февралына чейин иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM