Биз менен байланышыңыз

Маданият министрлиги оркестр коллективдери арасында сынак жарыялады

Кыска кабар | 7 Мар 2022 | 557 | 0

Оркестр коллективдери арасында республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сынактын максаты — кыргыз музыкалык маданиятынын алтын корунан омоктуу орун тапкан, элди, жерди даңазалаган патриоттук жаңы эл аспаптар оркестрлеринин чыгармаларын жаратуу жана аларды кеңири жайылтуу, өспүрүмдөрдү маданиятка жана патриоттук багытта тарбиялоо максатында заманбап эл аспаптар оркестрлеринин жана аспапчылык багыттагы атуулдук чыгармаларды жаратуу жана оркестр коллективтеринин ишин жандандыруу жана жаңы таланттарды табуу.

Оркестр коллективтери арасындагы республикалык сынак ушул жылдын 3-4-май күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлөт. Сыйлыктарды тапшыруу аземи сынакка катышкан оркестр коллективтеринин гала-концертти менен коштолуп, 5-майда Бишкек шаарында өткөрүлөт.

Сынактын шарттары: (сынакка төмөндөгү оркестр коллективтеринен башка бардык фольклордук жана эл аспаптар оркестрлери катыша алат):

1. Карамолдо Орозов атындагы Мамлекеттик академиялык эл-аспаптар оркестри;

2. Бишкек шаардык мэриянын алдында түзүлгөн эл аспаптар оркестри;

3. Ч. Исабаев атындагы «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук ансамбли.

  • Сынакка катышуу үчүн оркестр топтору өздөрү жөнүндө мүнөздөмө жана курамынын тизмесин Улуттук маданий борборго тапшыруусу керек;
  • Сынакка катышуучу оркестр топтору кароо сынак үчүн 3 чыгармасынын партитурасын же клавирин 2 нускада, CD дискке жазылган фонограммасын жана 30 мүнөттүк концерттик программасын 2022-жылдын 28-апрелге чейин Улуттук маданий борборго (Бишкек ш. Пушкие к. 78 дарегине) «Оркестр» конкурсука деп белгиленген шифр менен тапшырышат;

Катышуучу оркестр топтору төмөндөгү эки чыгарманы сөзсүз түрдө аткаруу керек:

  1. «Машботой» (А. Огонбаев),
  2. «Эргиме» (Ш. Шеркулов).

Чыгармаларды баалоонун критерийлери:

  1. Музыканын дал келиши,
  2. Музыкалык тилдеги оригиналдуулук,
  3. Музыкалык формалардын даана жана так сакталышы,
  4. Оркестрде иштеп чыгуу,
  5. Улуттук кийим жана сахна маданияты.

Сынактын байгелери: (Байге фонду 800 миң сом)

— I орундан — (1 орун) диплом, акчалай сыйлык;

— II орундан — (2 орун) диплом, акчалай сыйлык;

— III орундан — (3орун) диплом, акчалай сыйлык;

— Кызыктыруучу сыйлык — (10 орун) диплом, акчалай сыйлык;

Материалдар төмөндөгү дарекке жиберилүүгө тийиш:

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук маданий борбор: (0312) 66-24-04, 0774 36 95 10.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM