Биз менен байланышыңыз

Президент: Сотторго кысым кылуу адатын токтоткула

Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 558 | 0

Президент Садыр Жапаров 4-мартта судьялардын XII курултайында сөз сүйлөп жатып, укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылып, соттордун ишине кийлигишүүгө, кысым кылуу практикасын токтотууга чакырды.

«Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине кайрылып, соттордун ишине кийлигишип, судьяларга кысым көрсөтүп, өздөрүнө керектүү иштерди өткөрүү практикасын токтотууга чакырды. Бул менин сиздерге катуу эскертүүм болсун. Ар ким өз иши менен гана алек болуш керек. Эгер силер кызматтык милдеттериңерди укук ченемдерин сактоо менен так аткарсаңар, судьяларга кысым көрсөтүүнүн кажети жок болуп калат. Анткени мыйзам бардыгы үчүн бирдей» , — деп айтты Садыр Жапаров.

Президент күч органдарынын жетекчилери сотторго болгон басым-кысым фактылары боюнча ыкчам иликтөөлөрдү жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды.

4-мартта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын судьяларынын XII курултайы өттү. Аларга бир катар сыйлыктар тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM