Биз менен байланышыңыз

Президент: Сот системасы ичинен тазаланмайынча оңолбойт

Кыска кабар | 4 Мар 2022 | 657 | 0

Соттордун калыстыгына көлөкө түшүрө турган аракеттер, судьялардын жүрүм-турумунун этикалык нормаларынын бузулушу жалпы мамлекеттин жана өлкө президенти катары менин да беделиме шек келтирет. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта президент Садыр Жапаров өлкө судьяларынын XII курултайында сөз сүйлөп жатып айтты.

Ал мамлекет тарабынан соттордун иштөөсүнө жакшы шарттар түзүлүп, материалдык жактан толук камсыздалса да, сот системасы ичинен жаңыланып тазаланбаса, кардиналдуу өзгөрүүлөргө умтулбаса, оңолушу кыйын экенин эскертти.

«Жакында эле Конституциялык соттун жана Жогорку Соттун жетекчилиги алмаштырылды. Ошол жетекчи кызматтарга жалпы сот системасы үчүн чындап күйгөн, тажрыйбалары зор, амбициялуу адамдар келди деп ойлойм. Албетте, мурдагы төрагалары да жаман иштеген жок. Жакшы иштеди. Ар бир 3-5 жылда алмашып турса, реформалар тез-тез жүрүп турат деген гана үмүт. Сиздерге жеке мен эле эмес, бүткүл кыргыз эли чоң үмүт артып отурат. Андыктан элдин үмүт-тилегин актап иштешиңер керек», — деди Жапаров.

4-мартта Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргызстандын судьяларынын XII курултайы өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM