Биз менен байланышыңыз

Европа банкы Бишкектин автобус паркын жаңылоого 25 млн евро насыя бөлөт

Кыска кабар | 2 Мар 2022 | 265 | 0

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 25 млн евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берүүнү пландаштырууда. Ал автобустарды сатып алууга жана Бишкек шаарынын автобус паркын оңдоого жумшалат. Бул тууралуу парламенттин 2-марттагы жыйынында айтылды.

Кредиттик жана гранттык макулдашууга 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган. Бүгүн парламент аталган макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда талкуулады.

Келишимге ылайык, насыя эки транш менен бөлүнөт. Биринчисинде 16 млн евро берилип, эгер макулдашылган шарттар аткарылса, экинчи транш менен кошумча 9 млн евро берилет.

Насыянын мөөнөтү 12 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү 3 жыл. Мындан тышкары банк 8 млн евро өлчөмүндө грант да бөлөт. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 33 млн евро каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM