Биз менен байланышыңыз

Орусия дүйнөлүк рынокко газ берүүнү токтотпойт

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Мар 2022 | 1648 | 0

Орусия дүйнөлүк рынокко газ берүүнү үзгүлтүксүз улантат. Бул тууралуу Владимир Путин билдиргенин «ФАН» маалымат агенттиги кабарлады.

Путин энергетиканы экспорттоо жаатындагы милдеттенмелерин дайым аткарып келгенин, үзгүлтүккө учуратуу боюнча күмөн саноого негиз жоктугун белгилейт.

«Орусия өз кезегинде бул чийки затты үзгүлтүксүз берүүнү улантуу ниетиндеБул инфратүзүмдү жакшыртат жана газ тармагына инвестицияны көбөйтөт», — деди президент Владимир Путин.

Ошондой эле экономист Михаил Хазин Орусия буга чейин топтолгон бардык запасын сатып бүтмөйүнчө, Европа рыногуна кошумча газ бербей турганын айтты. Антпесе ата мекендик компаниялар чоң суммадагы кирешеден кол жууйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM