Connect with us

Шайлоо: 2 район боюнча көчмө урнанын жыйынтыгында жалпы 86% добуш беришти

Кыска кабар , Саясат | 27 Фев 2022 | 668 | 0

Бишкектин кайра шайлоо өтүп жаткан №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча шайлоо участкаларынан тышкары добуш берүү үчүн арыз берген 1253 шайлоочунун 1111и добуш берди. Бул шайлоо участкаларынан тышкары добуш берүүнү каалаган шайлоочулардын 88,6%ын түзөт. Бул тууралуу БШКнын маалымат бөлүмү билдирди.

№27 Биринчи Май шайлоо участогунан 397 шайлоочунун 338и же 85%ы, ал эми №29 Свердлов шайлоо участогунан 856 шайлоочунун 773ү же 90% добуш берген.

Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарынын № 27 Биринчи Май жана № 29 Свердлов округунан парламенттик кайра шайлоо башталды.

Эки округдан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн 120 тилке саат 8:00дө ачылды. Добуш берүү кечки саат 20:00дө токтойт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM