Биз менен байланышыңыз

Франция Зеленскийдин коопсуздугуна кам көрүүгө даяр

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 211 | 0

Франция Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин коопсуздугуна кам көрүүгө даяр. Бул тууралуу Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

«Зеленскийдин коопсуздугу сөзсүз көтөрүлөт. Керек болсо тиешелүү чараларды көрүүгө даярбыз», — деди министр.

Буга чейин 25-февралда Франциянын коргоо министри Флоренс Парли Брюсселде жана Вашингтондо: «Эч ким Орусия менен согушууну каалабайт. Париждин башкы максаты: Украинанын чыгышындагы ок атышууну токтотуу», — деген.

Буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинага 1,2 млрд евро өлчөмүндө каржылык жардам жана аскердик техника берерин айткан. Ал ошондой эле украиналык качкындарды калкалоону убада кылган.

Франция Украинага 1,2 млрд евро жана аскердик техника берет

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM