Биз менен байланышыңыз

Франция Украинага 1,2 млрд евро жана аскердик техника берет

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 296 | 0

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Киевге 1,2 млрд евро каржылык жардам жана аскердик техника берерин айтты. Бул тууралуу ал Евробиримдиктин Украина боюнча кезексиз саммитинен кийин Брюсселде өткөн маалымат жыйында билдирди.

«Европалыктар катары Украинага 1,2 миллиард евро өлчөмүндө экономикалык жардам көрсөтүүнү чечтик, бул мурда болуп көрбөгөн нерсе. Мындан ары да аскердик техниканы жеткирип, бул татаал иште калкка колдоо көрсөтөбүз», — деди Макрон кайрылуусунда.

Андан тышкары Париж Румыниядагы аскерлерин жайгаштырууну тездетип, Украинадан келген качкындарга жардам көрсөтөрүн кошумчалады.

«Франция Евробиримдиктин башка өлкөлөрү сыяктуу эле Украинанын калкына, ошондой эле жерин таштап, Евробиримдиктин аймагында жүргөндөргө жардам көрсөтөт», — деп кошумчалады Франция лидери.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM