Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Элчиликке Украинадан чыгуу үчүн 300дөн ашык кыргызстандык кайрылды

Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 181 | 0

Кыргызстандын Украинадагы элчилигине өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүнү каалаган 300дөн ашык кыргызстандык кайрылган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Украинанын аймагында 1357 кыргыз жараны жашайт, алардын 680и элчиликтин консулдук каттоосунда турат.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинанын аба мейкиндиги жабылып, «аскердик абал» режими киргизилгенине байланыштуу өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүнү каалаган жарандарын эвакуациялоо маселесин карап жатат.

Украинадагы азыркы кырдаалга байланыштуу Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка кеңештерди берүү үчүн төмөндөгүдөй ыкчам байланыш телефондору иштөөдө:

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:

+380997573413

+380442370346

+380442370348 — элчиликтин WhatsApp группасы

КР ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 — ишеним телефон

+996 703 428 865

+996 709 983 465

++996 554 065 215

Copyright © 2017 Maral FM