Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус 25 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 108 | 0

Кыргызстанда 25-февралга карата коронавирус 25 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 9, Чүй облусунда – 12, Талас облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 132 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 199 бейтап, амбулатордук түрдө 905 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 427 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 796 киши айыгып чыкса, 2 миң 952 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM