Биз менен байланышыңыз

Путин Донбасcта атайын аскердик операция баштаганын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 721 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда Москва убактысы боюнча саат 5:30да элге чукул кайрылуу жасады. Кайрылууну «Россия-24» телеканалы көрсөттү.

Анда Путин Донбасс аймагына, тагыраагы Украинадагы Донецк жана Луганск жикчил аймактары атайын аскердик операция жүргүзүү чечимин кабыл алганын айтты.

Путин Украинанын Куралдуу күчтөрүнө кайрылып, куралын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды.

«Бул талапты аткарган украин армиясынын бардык аскер кызматчылары согуштук аймактан эркин чыгып, үй-бүлөсүнө кайтып келе алышат», — деди Путин.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 23-февраль кечинде Орусиянын жарандарына орус тилинде кайрылды. Ал украин эли жана бийлиги тынчтыкты каалай турганын, эгер согуш болуп кете турган болсо, Украина эли өзүн коргой турганын эскертти.

Учурда жалпыга маалымдоо каражаттары Краматорск, Харьков жана Киевде жардыруулар болгону тууралуу жазып жатышат. Мариуполдо дагы атышуу башталганы кабарланууда.

Copyright © 2017 Maral FM