Биз менен байланышыңыз

Орус рублинин куну биржада 33%га түштү

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 544 | 0

Кечээ, 21-февраль кечинде орус рублинин долларга карата куну дээрлик 33%га азайды. Бул тууралуу Bloomberg биржа терминалындагы маалыматка таянып жазды.

Бир ай мурун рубль кунунун туруксуздугу 20% деп бааланган. Ушул көрсөткүчкө ылайык, Орусиянын акча бирдигинин туруксуздугу дүйнөдө түрк лирасынан кийинки орунга чыккан болчу.

Бирок түрк лирасынын куну 14-февралда туруксуздугу 19,75%га түшкөн. Рубль куну туруксуздугу боюнча 24,3%га көтөрүлгөн. Кечээ, 21-февралда орус валютасы туруксуздугу боюнча 32,6%га жетип, дүйнөдө куну өтө бат түшүп жаткан валюталардын сап башында чыкты.

Эксперттер муну соңку геосаясий окуялардан улам деп түшүндүрүүдө. Учурда 1 доллар 80 рубль деп бааланууда.

Казакстан: Донецк жана Луганск маселесинде бейтарап позициядабыз

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM