Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Донецк жана Луганск маселесинде бейтарап позициядабыз

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 411 | 0

Донецк жана Луганск элдик республикасынын көз карандысыздыгын таануу боюнча маселе Казакстандын күн тартибинде жок. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Мухтар Тлеуберди билдирди.

«Биз бул маселени караган жокпуз. Биз эл аралык укуктун негизинде жана БУУнун алкагында иш кылабыз», — деди ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Ошондой эле министрдин орун басары Казакстан бул маселеде тарапсыз кала турганын, расмий түрдө билдирүү жасоо үчүн даярдыктар көрүлүп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, кечээ 21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Донецк жана Луганск элдик республикаларынын көз карандысыздыгын тааныган документке кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM