Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2021-жылга карата коллегиясынын жыйынтыгында бир катар жетекчилер ээлеген кызматтарынан четтетилди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, төмөнкү жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду:
- Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, Нарын облусу боюнча саламаттыкты сактоо координатору Муратбек Аляскаров;
- Баткен районунун Кулунду аймактык жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Пулат Абдуманов;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош аймактык башкармалыгынын директору Максымбек Омокеев;
- Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин түштүк бөлүмүнүн башчысы Садбар Кутбаев.