Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Окуучусу аз мугалимдер да эмгек акысын толук алат

Кыска кабар | 21 Фев 2022 | 5182 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги берген сунуштардын негизинде мугалимдердин, техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу пландалууда.

Андан тышкары окуучулардын көптүгүнөн көбүрөөк окуу жүктөмү менен иштөөгө аргасыз болгон мугалимдердин эмгегин баалоо жана аларга материалдык түрткү берүү максатында кошумча акы төлөө сунушталууда.

Бул сунуш колдоо тапса, окуучусу аз мугалимдер эч кандай жабыр тартышпайт, алар да эмгек акысын толук көлөмдө алышат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө калк жыш отурукташкан конуштардын айрым мектептеринде окуучулардын саны ченемден ашып, мугалимдерге кошумча түйшүк жаралууда.

Эске салсак, буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөрүн, бирок эмгек акысы окуучулардын санына жараша төлөнүүчү ваучердик система киргизилерин айткан.

Кайсы өлкөдө мугалимдер эң көп айлык алышат?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM