Биз менен байланышыңыз

Кайсы өлкөдө мугалимдер эң көп айлык алышат?

Блог | 21 Фев 2022 | 3786 | 1

Билим берүү жана илим министрлиги берген сунуштардын негизинде Кыргызстанда мугалимдердин, техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу пландалууда.

Андан тышкары окуучулардын көптүгүнөн көбүрөөк окуу жүктөмү менен иштөөгө аргасыз болгон мугалимдердин эмгегин баалоо жана аларга материалдык түрткү берүү максатында кошумча акы төлөө сунушталууда.

Бул сунуш колдоо тапса, окуучусу аз мугалимдер эч кандай жабыр тартышпайт, алар да эмгек акысын толук көлөмдө алышат. Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөрүн, бирок эмгек акысы окуучулардын санына жараша төлөнүүчү ваучердик система киргизилерин айткан.

Мугалимдик кесип дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө эң жакшы маяна төлөнгөн кесиптердин түрүнө кирет. Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму мугалимдер эң көп маяна алган өлкөлөрдүн рейтингин чыгарган. Эсептөөдө орточо 15 жылдык иш тажрыйбасына ээ, башталгыч класс мугалимдеринин бир жылдык кирешеси эсептелген.

  1. Люксембург –101 360 доллар;
  2. Германия – 80 407 доллар;
  3. Канада – 71 664 доллар;
  4. Нидерландия –71 024 доллар;
  5. Австралия – 65 658 доллар;
  6. Ирландия – 62 313 доллар;
  7. АКШ – 62 102 доллар;
  8. Дания – 60 185 доллар;
  9. Түштүк Корея – 59 103 доллар;
  10. Австрия – 55 142 доллар;
  11. Жаңы Зеландия – 53 247 доллар;
  12. Норвегия – 51 352 доллар;
  13. Испания – 49 898 доллар;
  14. Япония – 49 498 доллар;
  15. Швеция – 47 664 доллар;
  16. Словения – 45 857 доллар;
  17. Португалия – 44 802 доллар;
  18. Финландия – 44,180 доллар;
  19. Исландия – 42 024 доллар;
  20. Колумбия – 39 961 доллар.

Мындан сырткары билим берүү системасындагы айрым өзгөчөлүктөрдөн улам Швейцария бул рейтингге кирбей калган. Ошентсе да бул өлкөдө мугалимдердин айлыгы орточо жылдык 94 500 долларды түзөт.

Ал эми КМШ өлкөлөрүндө Орусияда мугалимдердин айлыгы айына орточо 778 долларды түзөт. Ал эми коңшу Казакстанда мугалимдер иш тажрыйбасына карап айына 500 доллардан 874 долларга чейин маяна алышат. Өзбекстанда болсо мугалимдердин айлык маянасы 250 доллардан – 500 долларга чейин.

Көпчүлүк мамлекеттерде мугалимдердин маянасы төмөнкү өзгөчөлүктөрдүн негизинде эсептелет:

  • Мугалимдин билим даражасы жана тажрыйбасы;
  • Сабактардын саатына жараша;
  • Билим берүү мекемесинин түрүнө жараша;
  • Мектептин рейтинги.

1 пикир

1 пикир

  1. Акмөөр

    06.04.2022 11:01

    Саламатсыздарбы мен аймакчы болгон маселе,мектептерге рейд жүргүзүлсө жана жеринен тренинг сабактарды өтүп беришсе,бар дген жерге мугалимдер байбай коюшууда.Дагы бир айтайын дегеним мектепте негизги күч,кыймыл окуу бөлүмүнүн башчысында,эртеден кечке мектепке жооптуу,алардын мээнетин өзгөчө бааланса мен эле эмес жалпы ОББ лар ыраазы болмок.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM