Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов: Туризмди өнүктүрүү фонду түзүлүп, млрд сом бөлүндү

Кыска кабар | 19 Фев 2022 | 502 | 0

Бүгүн, 19-февралда «Кыргызстан – лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү-2022» кайрымдуулук фестивалы ЗиЛ тоо лыжасында өтүүдө.

Маданият, маалымат спрот жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, быйыл туризмди өнүктүрүү үчүн атайын фонд түзүлүп, ага бюджеттен млрд сом бөлүндү.

«Андан сырткары Туризм департаментин колдоо иретинде 45 млн сом бөлүндү. Мунун баары инфраструктураны жакшыртууга, чет өлкөдөн туристтерди тартууга, Кыргызстанды туристтик өлкө катары таанытууга жумшалат. Бул багытта «Дүйнө жүзүнөн 50дөн ашык мыкты блогерди чакыралы, алар аркылуу Кыргызстан тууралуу маалыматтарды өздөрүнүн өлкөсүнө тараттыралы», — деп жатабыз. Бул иштердин баары бир айдын ичинде ишке ашырылат», — деди Жаманкулов.

2010-жылдан бери жыл сайын ЗиЛ тоо лыжа базасында уюштурулуп келген фестивалдын негизги максаты Кыргызстанды кышкы спорттун, туризмдин, эс алуунун өлкөсү катары таанытуу болуп саналат.

Иш-чарада лыжа тебүү боюнча ар кандай мелдештер өткөрүлүп, концерттик программа менен коштолууда.

Copyright © 2017 Maral FM