Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Орусиядан миграциялык жаңы эрежелерди жеңилдетүүнү өтүндү

Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 619 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарына миграциялык жаңы эрежелерге байланыштуу өзүнчө коридор ачууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен нота жөнөттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, нота жаңы миграциялык процедуралардан өтүүдөгү кыйынчылыктарга байланыштуу жиберилген. Анткени каттоодон өтүү үчүн кезекке тургандар Москва аймагында миңдеп саналууда.

Элчилик коридорду медициналык текшерүүдөн, дактилоскопиялык каттоодон өткөрүүчү мекемелерге, «Сахарово» миграциялык борборуна да ачууну өтүндү.

Орусия бийлиги быйыл миграциялык мыйзамдарын өзгөрттү. Ага ылайык, жаңы медициналык талаптар киргизилди. Мындан ары чет өлкөдөн Орусияга барган жарандар ИИМге каттоого туруп, сүрөтүн, биометрикалык маалыматтарын, манжа изин тапшырат жана медициналык кароодон өтөт.

Медициналык текшерүүдөн 3 ай сайын өтүп турушу керек деген талап коюлууда. Бул мигранттарга түйшүк жаратып, кезек күткөндөрдүн саны көп болуп жатат.

Күндүн сүрөтү: Москвада документ алуу үчүн кезек күткөн мигранттар

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM