Биз менен байланышыңыз

Күндүн сүрөтү: Москвада документ алуу үчүн кезек күткөн мигранттар

Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 2243 | 0

Москва шаарында документ алуу үчүн эртеден кечке кезек күткөн мигранттардын саны көбөйдү. Алардын арасында кыргыз, өзбек, тажик жарандары бар.

Алар кайрадан документ алып жатышканын социалдык тармактын колдонуучусу Нурайым Идирисова жарыялады.

Ал мигранттар каттоодон өтө турган көп функционалдуу миграциялык борбордун алдында 5 жарым миңден ашык жаран кезек күтүп турганын айтты.

Орусияда эмгектенген мигранттар үчүн быйыл 1-январдан тарта жаңы медициналык талаптар киргизилди. Ага ылайык, мындан ары чет өлкөдөн Орусияга барган жарандар ИИМге каттоого туруп, сүрөтүн, биометрикалык маалыматтарын, манжа изин тапшырат, медициналык кароодон өтөт.

Бул мигранттарга оорчулук жаратып, нааразы болгондор көбөйүүдө. Ушул мыйзамдын айынан канчалаган кыргызстандыктар депортацияга тушугуп, «кара тизмеге» киргизилип жатышат.

Статистикалык маалыматка таянып айтсак, чет жердеги кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 85%ы Орусияда эмгектенет.

Жогорку Кеңештин 17-февралдагы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков өткөн жылдын 6 айында Орусияда баңгизаттарын сатуу, даярдоого шектелип, 201 бала кармалганын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM