Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Баткен облусу боюнча токтом кабыл алды

Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 912 | 0

Бүгүн, 17-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.

Жыйында баяндама жасаган депутат Марлен Маматалиев жакында Министрлер кабинети Баткенде көчмө жыйын өткөрөрүн, андыктан бардык сунуштарды камтыган токтом кабыл алуу керектигин белгиледи.

Токтомдо республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү менен аймакты өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоо сунуштары жазылган.

Андан тышкары жол салуу, социалдык мекемелердин имаратын куруу, сугат жана таза суу маселелерин чечүү, инвестиция тартуу, аба каттамдарын көбөйтүү өңдүү сунуштар берилип, токтомго аларды чечүү багытындагы демилгелер киргизилери белгиленди.

Талкуу маалында депутат Адахан Мадумаров демилгени колдой турганын айтып: «Бирок токтомдун биринчи пунктуна «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө»  мыйзам кыйшаюусуз аткарылсын», — деп эле жазып койсок, бардык маселе чечилет», – деп кошумчалады.

Мындан тышкары бир катар сунуштар айтылып, жыйынтыгында депутаттардын пикирлерин эске алуу менен токтом кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM