Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бир суткада миңден ашуун адам бустердик доза алды

Кыска кабар | 16 Фев 2022 | 196 | 0

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөөдөн өткөндөрдүн статистикасын берди.

Маалым болгондой, акыркы сутка ичинде өлкөдө бустердик дозаны 1 миң 977 адам алган. Алсак:

  • Ош облусунда — 292 адам;
  • Ысык-Көл облусунда — 308 адам;
  • Баткен облусунда —211 адам;
  • Бишкек шаарында — 142адам;
  • Чүй облусунда — 138 адам;
  • Ош шаарында — 140 адам;
  • Нарын облусунда — 58 адам;
  • Талас облусунда — 92 адам;
  • Жалал-Абад облусунда — 596 адам.

Ошондой эле акыркы күнгө карата өлкө боюнча 6 миң 268 адам биринчи доза менен, 743 адам экинчи доза менен, 1 миң 977 адам бустердик доза менен эмделген.

Эмдөө башталгандан бери биринчи дозаны 1 млн 387 миң 574 адам, экинчи дозаны 1 млн 130 миң 777 адам, бустердик дозаны 94 миң 864 адам алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM