COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөөдөн өткөндөрдүн статистикасын берди.
Маалым болгондой, акыркы сутка ичинде өлкөдө бустердик дозаны 1 миң 977 адам алган. Алсак:
- Ош облусунда — 292 адам;
- Ысык-Көл облусунда — 308 адам;
- Баткен облусунда —211 адам;
- Бишкек шаарында — 142адам;
- Чүй облусунда — 138 адам;
- Ош шаарында — 140 адам;
- Нарын облусунда — 58 адам;
- Талас облусунда — 92 адам;
- Жалал-Абад облусунда — 596 адам.
Ошондой эле акыркы күнгө карата өлкө боюнча 6 миң 268 адам биринчи доза менен, 743 адам экинчи доза менен, 1 миң 977 адам бустердик доза менен эмделген.
Эмдөө башталгандан бери биринчи дозаны 1 млн 387 миң 574 адам, экинчи дозаны 1 млн 130 миң 777 адам, бустердик дозаны 94 миң 864 адам алган.