Connect with us

«Ачык асман» долбоору боюнча жигердүү аракеттер көрүлгөн жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Фев 2022 | 710 | 0

«Ачык асман» долбоору боюнча бизде жигердүү иштер жүргүзүлгөн жок. Мындай пикирин «Манас» эл аралык аба майданынын жетекчиси Бакыт Шаршеев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, биздин авиакомпаниялар бир багыттуу каттамдарды гана жүргүзүп жатышат. «Ачык асман» долбоорунун алкагында жүргүнчүлөрдү ташый албаганына байланыштуу мамлекеттин өнүгүүсүнө кедергиси тийүүдө.

Бүгүнкү күндө Орусиянын авиакомпаниялары «Асык асман» саясатын колдонуп, Кыргызстан аркылуу жүргүнчүлөрдү алып келип, кайра башка өлкөгө алып кетүүдө. Анын алкагында «Манас» эл аралык аэропортуна кандайдыр бир деңгээлде пайдасы да тийди.

Белгилей кетсек, «Ачык асман» келишими 1992-жылы 24-мартта Хелсинкиде 27 мамлекет тарабынан кол коюлуп, кабыл алынган. Ага кошулган өлкөлөрдүн учактары бири-биринин аймагына ээн-эркин кирип-чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM