Биз менен байланышыңыз

Ачык асман: үмүттөр актала баштады

Саясат , Экономика | 5 Мар 2019 | 1077 | 0

«Ачык асман» долбоорунун алкагында эл аралык авиакомпаниялардан сунуштар келе баштады. 

«Ачык асман» долбоорун ишке ашыруу боюнча биринчи кадамдар ташталды. Тажикстандын «Сомон эйр» авиакомпаниясы Кыргызстан аркылуу эл аралык каттамдарды жүргүзүү  сунушун берди. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев «Марал» радиосуна билдирди. Анын кабарлашынча аталган авиакомпания Душанбе-Бишкек-Сеул каттамын бир тараптуу жүргүзүүнү өтүндү. Экинчи сунушу Душанбе-Тамчы-Пекинге учуу болууда.

Мындан башка дагы Бириккен Арап Эмираттарынын авиакомпаниялары сүйлөшүүгө келе баштады.

-«Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамды кабыл алгандан бери биз менен келишими бар баардык өлкөлөргө кызматташуу тууралуу билдирүүлөрдү бердик. Ошонун алкагында башка өлкөлөрдөн суроолор жана билдирмелер келе баштады. Анын төркүнү Кыргызстан аркылуу жаңы каттамдарды ачуу болуп жатат. Азыркы тапта Тажикстандын «Сомон эйр» авиакомпаниясы Душанбе-Бишкек-Сеул каттамын жумасына эки ирээт жүргүзүү сунушун берди. Буга биз макул экенибизди айттык. Эми алар Сеул менен макулдашса эле биз учактарды кабыл ала баштайбыз.

Жергиликтүү авиакомпаниялар эгер каттамдар Европага же Азияга ачылса, жүргүнчүлөрдү коңшу мамлекеттерден топтоп берүүгө багыт алаарын «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов айтууда.

Абанын бешинчи боштондугу менен биз аркылуу эл аралык  учактар учуп калса, биз алар менен чогу иш алып барсак болот. Ошол эле Сеулга же дагы башка Европа мамлекеттерине түз каттамдар ачылса, биз жакынкы шаарлардан жүргүнчүлөрдү алып келип турабыз. Мисалы Астана, Ташкент шаарларынан… Бирок мунун баарын аткарууга комплекстүү иштер жасалышы керек. Аэропортту түздөш керек. Транзиттик зал болушу керек. Баары Европа стандартына шайкеш болушу керек.

Бүгүнкү күнү «Манас» эл аралык аэропорту жаңы мыйзамдын алкагында аэропортту кеңейтүү ишин баштады. Тагыраагы транзиттик негизде конгондор үчүн күтүү залын чоңойтуу иштери алып барууда. Бул тууралуу аэропорттун Бишкек филиалынын жетекчисинин орун басары Бакытбек Бекбача уулу кабарлады.

«Ачык асман» долбоору кабыл алынгандан бери пландалган иштерди тездетүүгө импульс берип жатат. Негизги иш аэробекеттерди кеңейтүүдө турат. Учурда күн чыгыш жана күн батышты көздөй кеңейтүү иши жүрүүдө. Аэробекеттин биринчи кабаты Кыргызстанда калчу жүргүнчүлөргө даярдалат. Паспорттук көзөмөл кыла турган кызматкерлердин саны көбөйтүлөт. Экинчи кабат учуп жаткан жарандарга ылайыкташтырылган. Үчүнчү кабат болсо, транзит менен  келген жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтөт.

Ошондой эле ал, Бишкектеги аэропорт эл аралык стандарттын талаптарына толук  жооп бере турганын белгилейт. Аэропорт авиакомпаниялардын бардык учактарын кабыл алууга даяр экенин айтты.

Маалымат ирээтинде айтсак, Манас аэропортунун учак токточу аянты 60 учакка ылайыкталган.   

Андан тышкары мыйзам күчүнө киргенден соң өлкөдө эл аралык каттамдарга билет баасы 30 пайызга чейин арзандайт деген маалымат айтылган. Бирок айрым эксперттер арзандабай турганын белгилеп келишет. Бул боюнча Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен, атамекендик компанияларга жеңилдик берүү жагы каралып билет баасын арзандатуу иш чаралы жүрүп жатканын маалымдайт.

Биздин ата мекендик авиакомпаниялар ички каттамдарды аткарып жатканда  авиа майларды сатуудан алынчу салыкты төлөп алып жатышат. Ошону жоюу жөнүндө сунушту берип жатабыз. Андан тышкары учактарды башка өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына киргизгенде бир айлык салыкты төлөп калууда. Эми ошону дагы факт түрүндө канча күн консо, ошол күндөргө гана салык алуу тартибин киргизип жатабыз.

Жаңы мыйзамдын таасири арызынча Кыргызстандыктарга байкала элек. Бирок алты айдан кийин ар бир жаран сезгендей учур келээрин Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев айтууда.

Биринчиден бизге жаңы каттамдар ачылат. Ошол эле Азия жана Европа мамлекеттерине ачылышы мүмкүн. Анын негизинде адамдардын убактысы жана каражаты үнөмдөлөт. Азыркы күндө дүйнөгө учуу үчүн Алматы, Москва же Стамбул аркылуу ишке ашырылып жатат. Эми андай эмес каттамдар Бишкек аркылуу жасалат. Натыйжада бизге инвесторлор бизге түз келет, туристтер көбөйөт. Ал үчүн дагы жарым жыл убакыт керек.

Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков «Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга 15-январда кол койгон.

Өкмөт 2019-жылы кыргызстандык жүргүнчүлөр арасында аба каттамына артыкчылык бергендер көбөйүп, учак менен жол жүрүүнү тандагандар жылына 1 миллион 600 миңге жакындайт деп ишендирүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM