Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда көчкү түшүп, төрт жаран дайынсыз болууда

Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 248 | 0

Жалал-Абад облусунун аймагында эки ирет көчкү түшүп, төрт жаран дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабаралады.

14-февраль күнү саат болжол 12:30 чамасында Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун болжол менен 334-чакырымында жайгашкан тоннелдин түндүк тарабында кар көчкү түшкөн.

Кар көчкү «Чайна Роуд» ишканасына тиешелүү Нива унаасын, 1 даана жүктөгүч жана 2 даана экскаваторду басып калып, 3 киши дайынсыз болууда. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.

Ошондой эле болжол менен саат 17:30 чамасында аталган унаа жолдун болжол менен 340-чакырымында (тоннелдин түштүк тарабы) кар көчкү түшүп (көлөмү такталууда), 1 Пикап унаасын жана 1 вагонду сайга сүрүп кеткен.

Анын кесепетинен 3 адам дайынсыз болууда, анын экөө 1956-жылы туулган А.А., жана 1970-жылы туулган К.Т. – эркек киши Кыргызстандын жарандары. Дагы бири Л.З. Кытайдын жараны.

Куткаруу иштерин жетектөөгө ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров жетектеген куткаруу ыкчам тобу тартылган.

Тогуз-Торо райондук бөлүмүнөн 7 куткаруучу, Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБдан 4 куткаруучу, №2 Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, «Чайна Роуд» ишканасынан 3 жүктөгүч, 1 экскаватор, 30 кызматкер бар.

14-февраль күнү издөө-куткаруу жана тазалоо иштери жүргүзүлгөн, бирок аба ырайына байланыштуу жана жолго кар көчкү түшкөнүнөн улам, издөө убактылуу токтотулган.

Ал эми 2 жабыркаган «Чайна Роуд» ишканасынын кызматкерлеринин жеке унаасы менен жана 1 жабыркаган жаран куткаруучулар аркылуу Сузак районунун Октябрь айылындагы ооруканага жеткирилген.

Учурда көчкү астында калган 4 жаранды издөө уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM