Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн тажикстандык пара берип кармалды

Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 403 | 0

Тажикстандын Ч.М. аттуу жараны Кыргызстанда кызмат адамына пара бергени үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Тажикстандын Хатлон облусунун Балхи айылында 1994-жылы туулган Ч.М. аттуу жараны уруксат кагазы жок иштеп жүргөнү аныкталган.

Ал жаран 2019-жылдын 6-июлунда Кыргызстанга Душанбе-Бишкек авиакаттамы менен Тажикстанда туулган Х.Ш.А аттуу Орусия жаранынын чакыруусу менен келгени такталган.

Буга байланыштуу ал 9-февралда УКМКга чакырылган. Сурамжылоо учурунда Ч.М. Кыргызстандагы «Мега центр» соода борборунда уруксат кагазы жок иштеп жатканын айткан. Бирок аны өлкөдөн чыгарып салбоосун суранып, пара катары кызмат адамына акча сунуштаган.

10-февралда бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүндө (пара берүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталган.

11-февралда УКМК кызматкерлери тарабынан тажикстандык жаран акча каражатынын бир бөлүгүн берип жаткан жеринен кармалды.

«Миграция жөнүндө» мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк жаранды иштетүү үчүн иш берүүчүдө Миграция кызматы тарабынан берилген квотага ылайык, чет өлкөлүк жаранды ишке орноштурууга уруксаты болушу керек. Анын негизинде чет өлкөлүк жаран жумушка уруксат алышы керек. Мындан тышкары чет өлкөлүк жаран визанын категориясына жана анын мөөнөтүнө ылайык иштөөгө уруксат алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM