Биз менен байланышыңыз

«Тазалык» ишканасына 3 берене боюнча кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 360 | 0

Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан бюджеттен бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз коротуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Тазалык» ишканасы бюджеттик акча каражаттарын мыйзамсыз төлөп берүү жана товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу фактыларынын негизинде мамлекетке 15млн 191 миң 500 сом зыян келтирилгени тастыкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу»), 339-беренеси («Билип туруп пайдасыз келишим түзүү») жана 346-беренеси («Кызматтык жасалмачылык») менен кылмыш иши козголду.

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан тергөө жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM