«Кумтөр» кенинде өндүрүлгөн алтын сыртка чыккан жок, биз аны сатып жатабыз. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-февралда өткөн маалымат жыйында билдирди.
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк ишкананын 2021-жылда жасаган иштери боюнча отчётунда айткандай, 2021-жылдын он эки айында «Кумтөрдө» 14 миң 561 кг алтын өндүрүлгөн.
Жыл башынан бери ишкана 13,6 миллиард сомдук салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон, план 9 миллиард сом болгон. Ошентип, чегерүүнүн планы 150% ашыгы менен аткарылган.
2021-жылга алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 856 миллион долларды түзгөн, анын 621 миллион доллары убактылуу тышкы башкаруу учуруна таандык.
Алтындын бир унциясына накталай акчанын жалпы наркы 220 долларга же 16%дан ашыкка кыскарган.
«Кумтөр Голд Компанинин» 2022-жылга карата өнүктүрүү планына ылайык, 17 тоннадан ашык алтын өндүрүү болжолдонууда.
«Кумтөргө» 3 айлык мөөнөткө убактылуу тышкы башкаруу киргизилип, Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу кызматына 18-майда дайындалган.
Учурда «Кумтөр» кенин толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр аяктоо алдында турат.