Бүгүн, 14-февралда мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт.
Маалыматка караганда, акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
Молдомуса Конгантиевдин сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.
Мурдагы ички иштер министри 63 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.