Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Конституциялык мыйзамдын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Жогорку соттун судьясы Нургүл Бакирова 5 жылдык мөөнөткө дайындалды.
Президенттин башка бир жарлыгы менен Качыке Эсенканов Жогорку соттун төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.
Нургүл Бакирова кызматтан кетүү боюнча арызды 31-январда өз эрки менен жазып, 2-февралда Жогорку Кеңеш Нургүл Бакированын кызматтан кетүү боюнча арызын карап, депутаттардан колдоо тапкан.
Ал Жогорку Соттун жетекчилигине 2018-жылдын 23-май дайындалган эле.