Биз менен байланышыңыз

Башкы прокурор: Жумушка алууда паракорлук токтоду

Кыска кабар | 9 Фев 2022 | 512 | 0

Бүгүнкү күндө эки прокуратура кызматкерине кылмыш иши козголуп, алар камалган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралдагы маалымат жыйынында журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Андан тышкары 2021-жылы бир катар кызматкерлер иштен алынган. Учурда прокуратура системасында кадр тандоо жалаң конкурстук негизде болуп жатат.

«Прокуратура кызматкерлеринин арасынан экөө камакта. Анын бири Октябрь районунун прокурорунун орун басары. Ага козголгон кылмыш иши сотко өттү. Экинчиси Башкы прокуратурада кадр башкармалыгынын прокурору. Ал дагы жерге байланышкан кылмыш ишинде айыпталып, камакта отурат. Биздин системада кадр тандоо конкурстук негизде жүрүүдө. Аны болушунча идеалдуу өткөрүп жатабыз. Мисалы, 1300 катышуучудан 307си гана тандалды, калганы өтпөй калды», — деди Башкы прокурор.

Зулушевдин айтымында, жумушка жаңы алынган кызматкерлердин көпчүлүгү 2-3 ай же жарым жыл иштегенден кийин ишин таштап кетет. Себеби көбү прокуратурага келсе эле жыргайм деп ойлошот, бирок жумушка чыдабагандан улам кетип калат.

Мындан тышкары башкы прокурор бул тармакта жумушка алуу, кызматынан көтөрүүдө паракорлук токтогонун ишенимдүү түрдө айтты.

«Угуп калган шектер боюнча иштеп жаткан кызматкерди да, ортого түшкөнүн да, жаңы киргенин да иштен кетирип жатабыз. Андай фактылар да бар», — деди Зулушев.

Copyright © 2017 Maral FM