Биз менен байланышыңыз

Алматыдагы кыргызстандыктардын укугун коргоо маселеси талкууланды

Кыска кабар | 9 Фев 2022 | 313 | 0

Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков Алматы шаарынын прокурорунун орун басары Нурлан Ауганбаев менен жолугушту.  Бул тууралуу «Маралга» Азарбеков өзү кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын Казакстанда, анын ичинде Алматы шаарында жашаган жарандарынын маселелери боюнча тыгыз кызматташууга макулдашты.

Учурда Алматыда кармалган кыргызстандык жарандар жок. Ал эми буга чейин кармалган Чолпонбек Сыдыков менен Викрам Рузахуновдун иши өзгөчө көзөмөлгө алынган.

«Чет жактагы жарандарыбыздын укуктары эл аралык мыйзамдарга ылайык сакталышы керек жана биз бул багытта бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», — деди Акыйкатчы аппаратынын башчысы.  

Акыйкатчы аппаратынын башчысы 7-февралда Казакстанга иш сапары менен барып, кыргызстандык жарандардын абалы боюнча сүйлөшүү жүргүздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM