Биз менен байланышыңыз

Зулушев: Прокуратура кызматкерлерине үйлөр салынууда

Кыска кабар | 9 Фев 2022 | 341 | 0

Прокуратура органдарынын кызматкерлерине салынып жаткан турак жайлардын курулушу бүтүү алдында турат. Мындай маалыматты Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, прокуратура органдарынын союз мезгилинен калган административдик имараттары эскирип кеткен. Кызматкерлер батпай, бир бөлмөдө 3-4төн отуруп иштөөгө мажбур болушкан.

2020-жылы Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын имараты баланска алынып, капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

Андан тышкары учурда Баткен аскердик горнизонунун кызматкерлери үчүн 8 батирлүү кызматтык турак жай жана административдик имарат, Талас облустук прокуратурасына 36 батирлүү кызматтык турак жай, Кочкор районунда 7 батирлүү, Кеминдеги кызматкерлерге беш батирлүү үйдүн курулушу жүрүп, аяктоо алдында турат.

«Биз имараттарга жана кызматкерлердин жашаган жерине көңүл бурганыбыздын себеби, эмгек маяналары аз өлчөмдө, тапкан акчасы жашаган батирине төлөгөнгө гана жетет. Биз эгер коррупция менен күрөшөбүз, мыйзамдарга өз деңгээлде көзөмөл кылабыз десек, кызматкерлердин жашоо-шартын жакшыртышыбыз керек экен. Ошол максатта быйыл көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлдү. Дагы имараттар, үйлөр салынат», — деди Курманкул Зулушев.

Бүгүн, 9-февралда Башкы көзөмөл органынын жетекчиси Курманкул Зулушев 2021-жылы аткарылган иштери тууралуу маалымат берүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM