Биз менен байланышыңыз

Былтыр 4 миңге жакын өзгөчө оор кылмыш катталган

Кыска кабар | 9 Фев 2022 | 353 | 0

2021-жылы Кыргызстан боюнча 37 миң 784 кылмыш иши катталган. Анын 3 миң 822си оор жана өзгөчө оор кылмыштар. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралдагы басма сөз жыйында кабарлады.

Жасалган кылмыштардын 53 пайызынын бети ачылган. 88 миң 250 кылмышты тергөө аяктап, 8 миң 684 иш соттун кароосуна жиберилген. 78 миң 911 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган. 670и кыскартылган. Соттор тарабынан 740 кылмыш мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн кайра тергөөгө кайтарылган.

Кылмыш иштери боюнча 4 млрд 555 млн сом зыян келтирилген. Анын 4 млрд 277 млн сому, башкача айтканда, 93 пайызы өндүрүлгөн.

Жашы жете электердин арасында 1827 кылмыш иши катталган, анын 986сы кыскартылган, 13 иш бир өндүрүшкө бириктирилген, 411 иш соттук кароого жөнөтүлгөн, 417 иш боюнча тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM