Биз менен байланышыңыз

Министр Сокулукта сабалган баланын документтерин бүтүрүүнү тапшырды

Кыска кабар | 8 Фев 2022 | 191 | 0

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Сокулукта сабалган баланы документ менен камсыз кылуу ишин тездетүүнү тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрдин айтымында, мындай окуя балдардын көйгөйүнө дайыма көңүл буруу керектигин көрсөттү. Ошондуктан президент тарабынан ата-энесиз жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилүүчү жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтүү тапшырылган. Ошондой эле интернаттардагы балдардын тамак-ашына каражат көбөйтүлдү.

Бүгүнкү күндө оор турмуштук кырдаалда 110 миңден ашык үй-бүлөдө 360 миңге жакын бала жашайт.

3-февралда Сокулук аймактык ооруканасына 1 жаш 8 айлык наристе сабалган абалда түшкөн. Баланы аёосуз кыйноого алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Милиция кызматкерлери тарабынан 34 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалды.

Сокулуктагы наристенин сабалышы: Чыныгы маалымат жашырылып жатат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM