Биз менен байланышыңыз

Эмил Өскөнбаев Конституциялык соттун төрагасы болду

Кыска кабар | 2 Фев 2022 | 224 | 0

Эмил Өскөнбаев Конституциялык соттун төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Эмил Өскөнбаев бул кызматка 5 жылдык мөөнөткө дайындалды.

Эмил Өскөнбаев 1964-жылы Нарын шаарында туулган. Буга чейин Тянь-Шань райондук сотунда стажёр, Кочкор районунда прокурордун жардамчысы, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгында прокурор, Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунда прокурордун орун басары, Конституциялык соттун аппарат башчысы, «Паритет» адвокаттык компаниясынын жетекчиси, Конституциялык палатанын судьясы, Жогорку Соттун конституциялык палатасында төраганын орун басары кызматтарын аркалаган.

Конституциялык соттун төрагасы ага чейинки төрагасы Карыбек Дүйшеев өз каалоосу менен арыз жазып, кызматтан кеткен. Президенттин дагы бир жарлыгы менен ал кызматтан бүгүн алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM