Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Беш адам каза болду, 398 учур жаңы катталды

Кыска кабар | 29 Янв 2022 | 180 | 0

Кыргызстанда 29-январга карата дагы беш адам коронавирустан каза болду. Бардык учурлар Бишкек шаарында катталган.

2020-жылдын март айынан бери расмий маалыматтар боюнча өлкөдө коронавирустан 2872 адам каза болгон.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 инфекциясынын 398 жаңы учуру аныкталды. Анын ичинен 12си дарыгерлерде катталды.

Бишкек шаарында — 227, Ошто — 1, Чүй облусунда — 115, Ошто — 2, Таласта — 4, Ысык-Көлдө — 24, Жалал-Абадда — 12, Баткенде — 13.

Пандемия башталгандан бери жалпы 197 миң 835 адамга кирус жукту.

Соңку суткада 615 адам айыкты, жалпы сакайгандар 186 миң 386 адам.

Кыргызстанда 7600 адам коронавирустан дарыланып жатат. Үй шартында 5974 адам, ооруканаларда 1086 бейтап бар.

Анын ичинен 65 адам өтө оор, 417 адам оор абалда. 596 бейтаптын абалы орточо, 8 бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM