Биз менен байланышыңыз

«Жогорку Кеңеш Баткендеги окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда»

Кыска кабар | 28 Янв 2022 | 554 | 0

Жогорку Кеңеш Баткенде болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова билдирди.

Куралбекова маалымдагандай, чек арада түзүлгөн кырдаалга байланыштуу эл өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун, мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактоо үчүн бардык аракеттерди көрөт.

«Өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, мамлекетибиздин стабилдүүлүгү жана тынчтыгы бардыгынан бийик турат. Бул оор күндөрү кастыктан, чагымчылдыктан абайлайлы. Жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM