Биз менен байланышыңыз

Чек ара. Баткен милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

Кыска кабар | 28 Янв 2022 | 303 | 0

Кыргызстандын Ички иштер министри Улан Ниязбеков Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Хамро менен Баткендеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча телефон аркылуу сүйлөштү.

Баткен облусундагы кырдаалды турукташтыруу, чек арага чектеш аймактарда коомдук тартипти калыбына келтирүү, ар кандай укук бузууларды болтурбоо, бирдиктүү күч-аракеттер менен жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана коомдук тартипти сактоону мамлекеттик деңгээлде көзөмөлдөө, андан сырткары Баткен жана Согди облустарынын ички иштер башкармалыктарынын кайгуул кызматтарын уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Тараптар ар бир жарандын укугун жана коопсуздугун коргоо маселелери боюнча пикир алмашышып, коомдук тартипти сактоо боюнча бирдиктүү чечимге келишти.

Андан сырткары, түнкү саат 01:00 чамасында чек арада Баткен ОИИБнин начальниги Мурат Боронов тажик тарап менен сүйлөшүүлөргө катышып, Согди облусунун ИИБнин начальниги Абдулло Навжувонов менен жолукту.

Алар чек арага чектеш аймактардагы кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу боюнча маселелерди талкуулашты. Кечээки күндөн бери Баткен жана Согди облусунун чек арага чектеш аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бирдиктүү чалгын иштерин жүргүзүшүүдө.

Азыркы учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной жергесинде кырдаал  туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Түн  тынч өттү, кырсык болгон жок, ыкчам кырдаал туруктуу.

Баткен ОИИБнин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп, УКМКнын Чек ара кызматы, башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте кырдаалды көзөмөлдөөдө.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен ОИИБдин өздүк курамын жана ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларын облус аймагындагы коомдук тартипти камсыздоого милдеттендирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM