Белгилүү кыргызстандык сүрөтчү Влад Ушаков Нарын дарыясынын нугу агып кирген Токтогул суу сактагычынын кире беришин сүрөткө тартып, жарыялаган. Ал сүрөттөрдөн суунун канчалык азайганын көрүүгө болот.
Андан кийин Токтогул районундагы Үч-Терек айылдык кеңешинин депутаты Тагайбек Урматаев «Марал» радиосуна кайрылып, Нарын суусунун учурдагы абалы тууралуу айтып берди.
«Влад Ушаковдун сүрөтүнө жооп. Бүгүн, 2022-жыл, 27-январь, Нарын дарыясы кадимкидей эле агып жатат. Бул жер Бишкек-Ош жолундагы Нарын дарыясын кесип өткөн көпүрө. Жазында бош калган жерлерге суу толот», — деди айылдык кеңештин депутаты.